Пятница, 3 мая

Жанар Акаев кайрылуу жасады (Видео)

0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат деп айтылган кептер боюнча видео кайрылуу жасады.

“Курсан Асанов менен бейтааныш бирөө көчөдөбү же кафедеби сүйлөшүп, анын ичинен Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, анан элди ишендирип, ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Экинчиден күлкүлүү, көчөдө бир саясатчылар сүйлөшүп анан айып тагабыз деген аракетке сапатсыз видеого, карандай калпка 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен дароо айтып койсом, эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен дагы бийликти күч менен басып алабыз, анан массалык башаламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмеспиз. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек? Мен өзүм бийликтин бир бутагында отурам. Таң калычтуу акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт. Биз мындай окуялардан бир гана курчуйбуз”, — деди Акаев.

Интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанарбек Акаевдин аты аталган.

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып, кармалган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин айтып, тинтүү жөнүндө токтомду көрсөттү.

Асановдун үйүн тинтүү жөнүндөгү документ 14-сентябрда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги Жазык кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) менен катталган. ИИМдин Тергөө кызматына бийликти күч менен басып алуу жөнүндө материал түшкөнү, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аты аталат.

14-сентябрда ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айыпталып, кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматы Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен кармалганын маалымдаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз