Суббота, 27 апреля

Токон Мамытов БУУнун өкүлдөрү менен жолугушту

0

Акыйкатчы Токон Мамытов БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү акыйкатчы Токон Мамытов БУУнун өкүлдөрү укук үстөмдүгү боюнча башкы техникалык кеңешчи Симоне Бонезчи, демократияны чыңдоо жана укук үстөмдүгү боюнча улук кеңешчи Жеңишбек Арзыматов жана укуктук эксперт Данияр Шаилдаев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар адам укуктарынын сакталышы маселелерин талкуулашты, анын ичинде чакан жана орто бизнес ишкердик чөйрөсүндө эмгек укуктарынын сакталышы талкууга алынды.

Мындан сырткары акыйкатчы Токон Мамытов менчик медициналык мекемелерде, билим берүү чөйрөсүндөгү орун алуучу укук бузууларга токтолду. Ошондой эле бизнес темасы, бизнесмендердин укуктарын коргоо маселелери талкууга алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз