Пятница, 26 апреля

ИИМ: Бийликти басып алууга аракет кылгандыгы үчүн Алмаз Сарыбаев кармалды

0

«АКБ Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалды.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Анын алкагында ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов кармалган.

16-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 15-сентябрда Сарыбаев камакка алынган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Министрлик сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катар Жогорку Кеңештин бир нече мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынганын билдирди.

Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, деп айтылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз