Четверг, 2 мая

Маршрутка акысын 15 сомго көтөрүү каралууда

0

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы муниципалдык жана коммерциялык жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат. Вице-мэр Русланбек Акылбековдун депутаттарга берген маалыматына караганда, кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго, ал эми автобус-троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго көтөрүү сунушталды.

Бирок айрым депутаттар жол кирени 50% көтөрүү жүргүнчүлөр үчүн оор болорун белгилеп, бир нече баскыч менен кымбаттатууну сунуштады. Вице-мэр жол кирени 50% көтөрүү учурдун талабы болуп турганын айтты.

«Аргасыздан барып жатабыз. Мындай кылбасак автопаркты талкалап алабыз. Ансыз деле азыр чыгашага иштеп жатышат. Жол киренин аздыгынан кичи автобустар эле эмес, айрым жеке менчик ишканалардын автобустары каттамга чыкпай коюшту»,- деди Акылбеков.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилөөдө. Шаар бийлиги кийинки жылы автобус муктаждыгы жоюларын убада кылууда. Вице-мэрдин айтуусунда автобустар көбөйгөндө шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кичи автобустар жаңы конуштарга жүргүзүлөт.

Ордо калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз