Вторник, 30 апреля

Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартты

0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматы “En son haber” жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Түркиянын борбору Анкарада Орхан Инандынын соту өттү. Соттук отурум Анкара шаарынын Жогорку соту тарабынан каралды.

Айыпталуучу видеоконференция аркылуу өзү жаткан түрмөдөн катышты.

Айыпталуучунун адвокатынын айтуусунда Инанды Кыргызстандын жараны жана Түркиядагы төңкөрүш учурунда Түркияда болгон эмес.

Ошондой эле, сотто Орхан Инанды Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай негиз жок экенин билдирген.

Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, соттук отурумду 23-ноябрга калтырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз