Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаровду комплекстен Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан соң саммитке катыша турчу өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.
Андан соң алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.
ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.
Эске салсак, дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.
Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.