Суббота, 4 мая

Иран ШКУнун толук кандуу мүчөсү болду

0

Ирандын президенти Ибрахим Раиси өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө болуп кабыл алынганын жарыялады.

Кечээ, 17-сентябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн саммитте Ирандын ШКУнун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алынганын жарыялаган Раиси: «Аймактык деңгээлде чыныгы тынчтыкка жана кызматташтыкка жетүү үчүн саналуу мүмкүнчүлүктөрдүн бири болгон бул маанилүү жана натыйжалуу жолугушууга катышууга кубанычымды билдирүүгө уруксат этиңиз. Ирандын туруктуу мүчөлүгүнө байланыштуу бардык мүчөлөргө чын дилимден ыраазычылык билдирем»,-деди.

Эл аралык системанын уюлдашууга жана көз карандысыз мамлекеттердин пайдасына күчүн кайрадан бөлүштүрүүгө карай өзгөргөнүн белгилеген Раиси, ШКУну экономикалык, саясий жана демографиялык баалуулуктары бар жана глобалдык көп тараптуулуктун «кыймылдаткыч күчү» катары сыпаттады.

Ирандын тышкы саясатынын эл аралык уюмдарга активдүү катышууга, көп тараптуулукка, кызматташууга жана өз ара урматтоого негизделгенин айткан Раиси: «Дүйнө жаңы мезгилге кирди. Гегемония жана бир тараптуулук жоюлууда. Эл аралык системадагы күч көз карандысыз мамлекеттердин пайдасына өзгөрүүдө»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз