Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 18-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Анын «Кумтөр иши» боюнча суракка чакырылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбековдун УКМКга суракка чакырылышына байланыштуу анын жакындары 18-сентябрда билдирүү таратышты. Анда «экс-президент Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл албаганы жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койбогону» тууралуу жазылган.
Экс-президент Кумтөр иши боюнча 12-августта да күбө катары сурак берип чыккан. Атайын кызмат Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өкмөт башчы болуп тургандагы иштер боюнча суралганын, аны менен тергөө аракеттери уланарын кабарлаган.
Кумтөр алтын кениндеги коррупцияны иликтөөнү УКМК май айында баштаган.