Четверг, 9 мая

Акылбек Жапаров Лондондогу ассоциациянын «Кыргыз алтын» боюнча чечими тууралуу пикирин билдирди

0

Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын «Кыргыз алтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарганы боюнча комментарий берди.

“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет”, — деп жазылат Акылбек Жапаровдун билдирүүсүндө.

Ал алтынды сатуунун жаңы жолдору буга чейин эле караштырылып жатканын, андан тышкары алтынды зергерчиликке кымбат сатса болорун жазды.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтындын» алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан баштап токтоткону белгилүү болду.

Ага ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу «заводдогу алдамчылыкка шек саноодон» улам текшерген. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган.

Бул аккредитациянын токтотулушу «Кыргызалтын» ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

Буга чейинки жылдары Кыргызстан алтындын көбүн Британияга, андан тышкары, Италия, Орусия, Түркияга экспорттоп келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз