Понедельник, 20 мая

Сутка ичинде коронавирус 58 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда суткада коронавирус 58 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 591 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 590 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз