«Манас» аэропортунун акысыз токтотуучу жайында турган унаа жарылды. Бул тууралуу күбө болгондор билдиришти.
Алардын айтымында, өткөн түнү, «Манас» аэропортунун тушундагы акысыз токтотуучу жайда белгисиз себептерден улам машине жарылды.
Чүй облусунун ОИИБси бул маалыматты тастыктады. Алар билдиргендей, айдоочу унаасын от алдырып жаткан учурда, капоттун асты түтөй баштаган, андан кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Айдоочу салондон чыгып жетишти. Жабыркагандар жок.