Пятница, 26 апреля

Канат Исаев парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан талапкер болот

0

Канат Исаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер катары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

«2021-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен) Исаев Канатбек Кедейкановичтен Чүй облусунун Кемин №31 округуна талапкер катары катышуу тууралуу арыз келип түшкөн», — деп билдиришти БШКдан.

Белгилей кетсек, Канат Исаев 2015-жылдын май айынан бери «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Буга чейин БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин тизмеси бул шилтемеде.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз