Воскресенье, 19 мая

Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

0

Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Быйыл автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынып, ага кошо ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет. Мындан улам Салык кызматы акчаны азыр төлөөгө чакырат.

Маалыматта рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүп жатканы кошумчаланган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз