Эртең, 21-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка караганда, суунун убактылуу токтотулушуна «Контррезервуарлар» суу кампасындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштери себеп болууда.
Мындан улам саат 9:00дөн 18:00гө чейин Достоевский, Горький, Ауэзов жана темир жол линиясынын ортосу, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.