Пятница, 20 сентября

Кыргызстан аркылуу чет элдиктерди өткөргөн канал аныкталды

0

Кыргыз Республикасынын УКМК тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасынын алкагында (жыйынтыгында) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды ташыган каналдар табылып жана Кыргыз Республикасынын Ички ичтер органдарынын  жана Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) аскер кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын март айларында «Манас-аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкери Кыргыз Республикасынын МЧК прапорщиги «М.Д.» Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, алардын документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.

УКМК чогултулган материалдардын негизинде, Аскер прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329- (кызматтык жасалмачылык) жана 329-беренесинде (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз