Пятница, 20 сентября

Түркия эли демократияны колдоду

0

Түркиянын Республикалык элдик партиясынын лидери өлкөдө жекшембиде болуп өткөн муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгына түшүндүрмө берди.

Түркия эли 31-марттагы муниципалдык шайлоодо демократияны колдоду деп айтты Республикалык элдик партиянын (РЭП) лидери Кемаль Кылычдароглу өлкөдө жекшемби күнү өткөн шайлоолордун жыйынтыгына арналган  брифингде.

«Түркиялык шайлоочулар демократияны колдошту. Муниципалдык шайлоолор Түркиянын баардык 81 миллион жашоочуларынын жеңиши болду. Бул биз үчүн өтө маанилүү жол көрсөткүч болуп саналат», — деди Кылычдароглу.

Саясатчынын айтуусунда, Түркияда демократия институтун чыңдоо баардык аймактар үчүн маанилүү. «Биздин өлкө адилетсиздик өкүм сүргөн аймактагы башка өлкөлөр үчүн үлгү болуп саналат», — деп эскертти Кылычдароглу.

РЭПтин жетекчиси оппозициялык партиянын талапкери Стамбулда да Анкара жана Измирдеги сыяктуу эле  жалпы шаардык муниципалитеттин башчылыгына шайлоодо жеңүүчү деп табылат деп үмүтүн билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз