Вторник, 23 апреля

Бишкекте иш издегендерге бош орундар жарманкеси өтөт

0

23-сентябрда Бишкекте иш издегендерге бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктрүү министрлигинин Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева кабарлады.

«23-сентябрда Чоңдорду окутуу ассоциациясы менен биргеликте бош орундар жарманкесин өткөрөбүз. Иш-чара «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдында саат 13.00дө башталат. Ага жумуш берүүчүлөр катышып, Бишкек боюнча 3 миң, өлкө боюнча миңдей жумуш орун сунушталат», — деди адис.

Акыркы ирет мындай жарменке 2020-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Кийин падемиядан улам уюштурулбай келген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз