Суббота, 20 апреля

АКШ качкындарды кабыл алуу чегин көбөйтөт

0

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) 2022-жыл үчүн качкындарды кабыл алууну 62 миң 500дөн 125 миңге чейин көбөйтөт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Байдендин жетекчилиги 2022 финансылык жыл үчүн качкындарды кабыл алуу чегин эки эсеге көбөйтүүгө даярданууда.

Буга ылайык, Байдендин администрациясы 2021-жыл үчүн 62 миң 500 деп белгилеген качкындардын чегин кийинки финансылык жыл үчүн 125000ге чейин көбөйтүүнү пландап жатат.

Бул чечимди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Конгресстин мүчөлөрү менен талкуулары күтүлүүдө.

2021-жылдын 20-январында кызматка киришкен Жо Байден качкындарды кабыл алуу чегин 62 миң 500гө жеткирди, бирок АКШга 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын августуна чейин болгону 7 миң 637 качкын кабыл алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз