Суббота, 20 апреля

COVID-19: Коронавирус 72 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус 72 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда — 1, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 542 бейтап, амбулатордук түрдө 862 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 941 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 469 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз