Садыр Жапаров 21-сентябрда өткөн БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү.
“Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы”, — деди Жапаров видеокайрылуусунда.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толорун эске салды.
Ал бир жыл ичинде мамлекет коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишкенин жана коомдун ишеничине ээ боло алганын айтты.
Ошондой эле, президент ноябрда өтчү парламенттик шайлоого БУУга мүчө өлкөлөрдү жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырды.