Вторник, 23 апреля

Казакстан телефон кодун өзгөртөт

0

Казакстан Советтер Союзу кулагандан кийин Орусия менен биргеликте колдоно баштаган эл аралык телефон кодун +7ден +997ге өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Казакстандын санариптик өнүгүү, инновация жана космостук өнөр жай министри Багдат Мусин социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Эл аралык Телекоммуникация биримдигинде +997ни өлкөсүнүн жаңы эл аралык телефон коду катары сакташканын маалымдады.

СССР кулагандан кийин +7 эл аралык телефон кодунун Казакстанда да, Орусияда да катталганын билдирген министр Мусин: «Казакстандын өзүнүн эл аралык телефон терүү коду болушу үчүн биз жыл бою жүргүзгөн сүйлөшүүлөр оң натыйжаларга алып келди. Эми сиз биздин өлкөдөн чет өлкөгө чалганда, Казакстан деген сөз экранга чагылат»,- деди.

Казакстандын 2023-жылдан тарта жаңы эл аралык телефон кодуна өтүүсү пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз