Пятница, 19 апреля

Жапаров расмий сапары менен Сауд Арабияга барат

0

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Каролдугуна расмий сапары менен барат, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль Ради менен жолугушуу учурунда.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов Кыргызстан Сауд Арабиясы менен кызматташууну андан ары прогрессивдүү өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин айтты.

Ал ошондой эле келерки жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене турганын билдирип, 2022-жылды Кыргызстан менен Сауд Арабия Королдугунун элдеринин достук жылы деп жарыялоону сунуштады. Анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Элчи Ибрагим Аль Ради министрлер кабинетинин башчысынын демилгесин колдой турганын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз