Четверг, 18 апреля

ДССУ: Вакцина тууралуу маалыматты социалдык тармактардан эмес ишенимдүү булактардан алышы керек

0

Коронавирус вакцинасына каршы болгондордун, маалыматты социалдык тармактардан эмес ишенимдүү булактардан алышы керек экени айтылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) басма сөз катчысы Маргарет Харрис, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Швейцариядагы кеңсесинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда билдирди.

Ковид-19 вакциналарынын абдан эффективдүү экенин баса белгилеген Харрис мындай деди:

«Тилекке каршы ооруканага жаткырылгандардын, андан да өкүнүчтүүсү каза болгондордун, атүгүл эмдөөлөр өтө жогору болгон өлкөлөрдө да 99 пайызы эмдөөдөн өтпөгөндөр».

Харрис Ковид-19 вакциналары бар өлкөлөрдө эмдөөдөн өтпөөнүн чоң трагедия экенин айтты.

Ковид-19 вакциналарына байланыштуу өзгөчө социалдык медиадагы кабарлардан көптөгөн кишилердин тынчсызданганын белгилеген Харрис, вакциналар жөнүндө так маалыматтын ишенимдүү булактардан алынышы керектигин билдирди.

Харрис ДССУнун жана өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин сайттарында вакциналардын коопсуздугу жөнүндө көп маалыматтар бар экенин айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз