Четверг, 2 мая

Депутат Нурматовго жаза көрүү чарасы аныкталды

0

Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматовго жаза көрүү чарасын аныктады.

Ага ылайык, Нурматов сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү мөөнөтүнө, 2021-жылдын 20-ноябрына чейин камакта болот.

Депутат УКМКнын СИЗОсуна киргизилет.

Эске салсак, Нурматов 20-сентябрда камакка алынган. 2013-жылы Нурматов КРдин Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезинде алдамчылык менен $500 миңге кыймылсыз мүлктү басып алганы белгилүү болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз