Пятница, 3 мая

11 миң 909 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Өлкөдө сутка ичинде 11 миң 909 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 3 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 906 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 792 миң 82 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 588 миң 822 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз