Понедельник, 6 мая

БШК: 244 жалпыга маалымдоо каражаттары катоодон өттү

0

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алдыдагы парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине катышуу үчүн 244 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

  • 152 жалпыга маалымдоо каражаттары;
  • 92 интернет басылма.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген. Учурда бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин арызы кабыл алынууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз