Воскресенье, 19 мая

Суткада коронавирус 79 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус 79 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда — 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 107 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 853 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 202 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 764 киши айыгып чыкса, 2 миң 599 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз