Пятница, 17 мая

Эртең марафонго байланыштуу Бишкектин кээ бир көчөлөрү жабылат

0

Эртең, 26-сентябрда баш калаада көпчүлүк көчө жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул күнү эл аралык «Ак илбирсти сактайбыз» жарым марафону өтөт.

  • Негизги маршрут (21 чакырым) саат 07:00дөн 10:00гө чейин жабылат:
  • Чүй проспектисинин Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Абдрахманов көчөсүнүн Чүйдөн Иманалиевге чейинки бөлүгү;
  • Иманалиевдин Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
  • Масалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
  • Чыңгыз Айтматов проспектисинин Иманалиевден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Жолдордун эрте жабылышына маршрутка хронометраждын электрондук системасын орнотуу, катышуучуларга тамактануу пунктун уюштуруу иш-чараларынын аткарылышы себеп. Маршрут жалпы жонунан үч саатка жабылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз