Суткада 12 миң 82 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 691 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 391 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 798 миң 869 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 594 миң 261 жаран экинчи компоненти менен эмделди.