Воскресенье, 19 мая

The Washington Post: «Спутник V» вакцинасын алган чет өлкөлүктөр АКШга кире албайт

0

«Спутник V» вакцинасын алгандар ноябрь айынан баштап АКШга кире албайт. Бул тууралуу Washington Post басылмасы билдирди.

Буга чейин ДССУ «Орусиянын вакцинасын чыгарган фабрикалардын биринде өндүрүштүк иштер тийиштүү талапты аткарбай жатканын» жарыялаган.

Washington Post гезити «Спутник V» вакцинасы дүйнөнүн төрт миллиарддай адам жашаган 70 өлкөсүндө тастыкталып, 448 миллион дозасы чет өлкөгө сатылганын кабарлаган. Бул вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана америкалык бийлик тастыктаган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз