Бишкекте коронавирустан улам кээ бир класстар карантинге жабылды

0

Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи май району:

№48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;

Ленин району:

№9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

Свердлов району:

№11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.

Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.

«Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал», — деп айтылат маалыматта.

Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз