Воскресенье, 5 мая

Жапаров коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзамга кол койду

0

Президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде тамеки тартууга тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Документтин максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын реализациялоо.

Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз