Суббота, 18 мая

Коронавирус 69 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус 69 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 38, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 444 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 102 киши айыгып чыкса, 2 605 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз