Пятница, 17 мая

Бир мандаттуу округдарда талапкерлер бирдей добуш алса эмне болот?

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер бирдей добуш алса эмне болорун айтты.

«Эгерде бир округдун талапкерлери бирдей добуш алса, анда каттоо үчүн биринчи арыз берген адам артыкчылыкка ээ болот. Бул норма мыйзамда же жободо бар», — деди ал.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Бул шайлоодо 54 депутат партиянын тизмеси менен, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз