Четверг, 2 мая

Сутка ичинде 14 миң 200 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда сутка ичинде 14 миң 200 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 705 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 495 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 816 миң 22 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 611 миң 224 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз