Пятница, 17 мая

Талибан афган королу Захир Шах мезгилиндеги конституцияны негиз катары алат

0

Талибан башкаруусу Афганистанда убактылуу өкмөттө мурунку король Мухаммед Захир Шах мезгилиндеги конституциянын база катары алынарын билдирди.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн адилеттик министрлигинин өкүлү Абдул Хаким Шери берген билдирүүсүндө мурунку король Мухаммед Захир Шах мезгилиндеги конституциянын шарият жана Талибан принциптерине тескери болбогон беренелеринин  толугу менен ишке ашырыларын белгиледи.

Шарият жана Талибан принциптерине каршы келбеген эл аралык мыйзамдарга сый көрсөтүшөрүн айткан Шери өзгөчө Талибандын дүйнө өлкөлөрү менен жакшы карым  — катнаш курууну каалагандыгын белгиледи.

Шери Афганистан жерлерин эч бир өлкөгө каршы колдонууга уруксат беришпей тургандарын баса белгиледи.

Афганистанда 1933 —  жылы 8 —  ноябрдан 1973 —  жылы 17 —  июлда тактыдан түшүрүлгөнгө чейин  бийлигин уланткан акыркы Король Мухаммед Захир Шах 18 —  кылымда Дуррани императорлугу курулгандан бери  өлкөнүн эң узун убакыт тактыда отурган королу болду.

Король Захир Шах мезгилиндеги конституция  11 бөлүмдөн жана 128 беренеден турган.

Бул айтылган конституция 2001 — жылы талибдер башкарууну колго алгандан кийин түзүлгөн убактылуу өкмөттө да ишке ашырылган.

1964 — 1973 — жылдары күчүндө болгон Афганистан Конституциясы өлкөнүн монархиялык мыйзамы катары белгилүү.

Бардык ыйгарым укуктарды негизинен  королдо топтогон конституциянын Талибан лидери Хибетулла Ахундзаде мезгилинде кандай колдонулары азырынча белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз