Понедельник, 20 мая

Путин Эрдоган жолугушуусу. Эмнелер талкууланды?

0

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Таййип Эрдоган менен Сочи шаарында Президенттиктин резиденциясында жолугушту.

Лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин тышкары Сирия, Ливия жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты.

Путиндин айтымында, Москва менен Анкаранын ортосундагы сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбойт. Бирок тараптар орток пикирге келгенди өздөштүрүшкөн. Ошол себептүү жолугушуулар акырында позитивдүү нотада жыйынтыкталат.

Жабык эшик артында өткөн жолугушуу 2 саат 45 мүнөткө созулду.

Жолугушуу тууралуу Твиттердеги баракчасынан билдирүү бөлүшкөн Эрдоган кесиптеши Путин менен жемиштүү жолугушуу өткөргөнүн белгиледи.

Эрдоган билдирүүсүнө Путин менен түшкөн фотосүрөтүн да кошту.

Путин да жолугушуудан кийин Эрдоганга сапары үчүн ыраазычылык билдирип: «Жолугушуу абдан пайдалуу жана инклюзивдүү өттү. Биз байланышта болобуз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз