Суббота, 23 ноября

Тажикстан жана Ооганстан чек арасына куралдуу күчтөрүн тарта баштады

0

Тажикстан менен Ооганстан чек арасына куралдуу күчтөрүн тарта баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын атайын бөлүктөрүнүн он миңдеген аскерлери Тажикстан менен чектеш Тахар аймагына чогулуп жатат. Өз кезегинде, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбү менен Кабулду кырдаалды жөнгө салуунун тынчтык жолдорун табууга чакырды.

«Биз буга тынчсызданып жатабыз. Жалпы чек арага эки тараптын куралдуу күчтөрү жайгаштырылгандыгы тууралуу маалыматтар түштү. Талибдердин айтымында, Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында атайын күчтөрдүн он миңдеген бөлүктөрү жайгаштырылган», — деген Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев.

Буга чейин, Ооганстанды басып алган «Талибан» кыймылы Тажикстанга чектеш аймагына миңдеген жан кечтилерди жөнөткөндүгү кабарланган. Тажикстан өз кезегинде Ооганстанга чектеш Дарваз аймагында президент Эмомали Рахмондун катышуусунда аскердик парад өткөргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз