Суббота, 23 ноября

Мэрия маршруттук таксинин айдоочусу салбай кеткен келинди издеп жатат

0

Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган окуя катталды. Шаардык мэрия жабырлануучу келинди издеп жатканын кабарлады.
«Бишкек шаарынын мэриясы айдоочунун аракетине нааразы. Ал бала менен жүргүнчүгө орой мамиле жасоо менен гана чектелбестен, жоопкерчиликсиз мамиле кылды. Мекеме жабырлануучу тарапты издейт», — дешти мекемеден.
Окуянын чоо-жайы:

30-сентябрда Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынган. Ленин РИИБи аталган окуядагы айдоочуга «майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

1984-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу кылган аракети боюнча төмөндөгү түшүндүрмөнү берген: «Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм», — деп билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз