Түндүк Корея жаңы зениттик ракетасын сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сыноолор 30-сентябрда өткөнү белгилүү болгон.
«Улуттук коргоо академиясы старттык аянтчанын, детектордун жана согуштук техниканын, ошондой эле жаңыдан иштелип чыккан зениттик ракетанын комплекстүү согуштук көрсөткүчтөрүн текшерүү үчүн ок чыгарды», — деп айтылган маалыматтарда.