Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүнө кар түштү, деп билдирди Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы 2-октябрда.
«Буга байланыштуу республиканын түштүк аймактарына чыгуучуларды жолдордо этият болууга жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырабыз», — дейт ЖККК.
Мындан сырткары, жол кайгуул кызматы унаалар ортосундагы аралыкты сактоону суранат.