Понедельник, 20 мая

Коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды

0

Өлкөдө суткада коронавирус 43 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 26, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 712 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 783 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 608 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз