Пятница, 22 ноября

Феликс Кулов баштаган бир нече партия коалиция түзүштү

0

«Ар-Намыс», «Улуттар Биримдиги», «Кыргызстан Элдик-Демократиялык» саясий партиялары, «Элдик көзөмөл», «Мекен сакчысы», «Көзөмөл», «Мекендештер» коомдук бирикмелери «Намыс жана Тартип» коалициясына биригишти. Бул тууралуу бирикменин төрагасы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, коалицияга биригүүнүн максаты парламенттик шайлоого катышуу. Кулов өзү шайлоого катышпасын белгилеген.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз