Понедельник, 20 мая

Садыр Жапаров медаль уткан кыргыз балбандарын куттуктады

0

Президент Садыр Жапаров Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде алтын, күмүш жана коло медаль уткан кыргыз спортчуларын куттуктады.

«Айсулуу, алтын кызыбыз! Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм!

Буга улай эле азаматтарыбыз Эрназар Акматалиевди дүйнө чемпионатында күмүш жана Алибек Осмоновду коло байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!», — деп жазды Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз