Четверг, 9 мая

Кыргызстанда коронавирус илдетин 80 адам жуктуруп алды

0

Суткада коронавирус илдети 80 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда бир адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 90 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 676 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 932 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 712 киши айыгып чыкса, 2 миң 612 адам каза болду.

Ошондой эле коронавируска каршы 10 миң 748 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 601 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 147 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 845 миң 674 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 640 миң 750 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз