Пятница, 3 мая

Белгилүү боксер Мухаммед Алинин тарткан сүрөттөрү аукциондо сатылды

0

Белгилүү боксер Мухаммед Алинин эскиздери жана сүрөттөрүнөн турган аз кездешкен коллекциясы аукциондо 1 миллион долларга сатылды.

БиБиСинин кабарына караганда АКШнын Нью —  Йорк шаарындагы Bonhams аукцион үйүндө 26 көркөм чыгарма аукционго коюлду.

Көпчүлүк күткөн чыгармалардын бири «Sting Like a Bee» (Аарынын чагуусу) сатуудан мурунку болжолдордон  он эсе ашыкчага, 425 000 долларга сатылды.

Алинин биринчи үч сүрөтүн 1977 —  жылы Бостондогу бир таймашынан кийин тартканын айткан коллекциячы жана досу Родней Хилтон Браун чыгармаларды аукционго чыгарды. Чыгармалар күтүлгөндүн үч эсесине, жалпы 945 524  долларга сатылды.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда 1979 – жылы кызыл, ак жана көк түстөгү полотного «Мен сени сүйөм Америка» деген жазуу менен тартылган картина 150 000 долларга сатылса, 1967 – жылы ислам менен христиан динин салыштырган фломастер эскиз 24 000 долларга сатылды.

Белгилүү боксер Али 2016 —  жылы паркинсон оорусунан 74 жашында дүйнөдөн кайткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз