Пятница, 17 мая

Суткада коронавирус 104 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус 104 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 69, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 690 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 614 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз