Воскресенье, 19 мая

Бишкектеги Лев Толстой көчөсү жабылат

0

Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн жабылат.

«Лев Толстой көчөсүн реконструкциялоо 2020-жылдын октябрь айында жүргүзүлгөн. Бул жол дагы кепилдикте болгондуктан подрядчик компания аны өз эсебинен оңдоп берет. Анкара көчөсү өтмөк үчүн альтернативдүү көчө.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну суранат», — деп жазылган маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз