Бир мандаттуу система боюнча талапкерлердин саны 171ге жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңешти шайлоого карата өзүн-өзү көрсөткөндөрдү каттоого алуу 13-октябрда аяктайт.
Ал эми күрөө акысын төлөө мөөнөтү 18-октябрга чейин. Бир мандаттуулар 100 миң сом
төлөшү керек болот.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого добуш берүү 28-ноябрда өтөт.