Четверг, 2 мая

Япониядагы жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 43кө жетти

0

Япониянын борбор шаары Токионун түндүк  —  чыгышында 7 —  октябрь күнү кечинде болгон 5,9 баллдык жер титирөөдө жаракат алгандардын саны 43кө жетти.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин билдиргенине караганда Чиба аймагында болгон 5,9 баллдык жер титирөө жердин 80 километр тереңдигинде болду.

Япониянын метеорологиялык агенттиги ушуга окшогон термелүүлөрдүн кийинки жумаларда да болушу мүмкүн экендигин, таштардын кулашы жана жер көчкүлөргө каршы сак болууга чакырды.

Киодо агенттиги Токио жана айланадагы штаттарда жер титирөөдөн улам жаралуулардын саны 43төн жогорулагандыгын, Өрт жана апаатты башкаруу агенттиги Саитама жана Чибада бирден жаралуунун абалынын оор экендигин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз